Мамлекеттик органдар менен ишкерлер ниет протоколуна кол коюшту

15.03.2022, 09:21 Акчабар
Мамлекеттик органдар менен ишкерлер ниет протоколуна кол коюшту

Президент Садыр Жапаров кечээ, 14- мартта ата мекендик бизнестин өкүлдөрү менен жолугушуп, анда «Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс жөнүндө» КРнын мыйзамынын долбоору тааныштырылып жана талкууланды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ошондой эле, ата мекендик экономиканын учурдагы абалы талкууланып, өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүн жаңы деңгээлге чыгаруу үчүн биргелешкен өз ара аракеттенүүнүн жолдору белгиленди.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө бул мыйзам долбоору биринчи кезекте «көмүскө» экономиканын үлүшүн кыскартууга, активдердин сакталышын камсыздоого жана алардын ээлерин мамлекеттик органдардын куугунтугунан коргоого багытталганын белгиледи.

Президент белгилегендей, «көмүскө» экономиканын жогорку деңгээлде болуусу Кыргызстандын эгемендүүлүк жылдарынан бери келе жаткан чоң көйгөй.

Жапаров иштелип чыккан долбоордун бир катар өзгөчөлүктөрүн белгиледи. Анын ичинде кылмыш куугунтугунан коргоо жаатында мамлекеттик кепилдиктер бекемделген.

“Жеке адамдардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө» мыйзам өлкө тарыхында 5 жолу кабыл алынган. Бирок ошол беш жолу кабыл алынган мыйзамдын бири да ар кандай жагдайлардан улам тийиштүү натыйжасын берген эмес. Ал эми бүгүн сиздер менен талкуулап жаткан мыйзам долбоору мамлекет тарабынан кол тийбестиктин бардык кепилдиктерин камсыздай тургандыгын баса белгилей кетүү керек”, — деди Жапаров.

Жолугушуунун жыйынтыгында президент башында турган мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана ата мекендик ишкерлер тиешелүү ниет протоколуна («мырзалар келишими») кол коюшту.

Тэги: Президент Садыр Жапаров Ата мекендик компаниялар Көмүскө экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу