«Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзам долбоору талкууланды

15.12.2021, 16:00 Акчабар
«Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзам долбоору талкууланды

Мамлекеттик сатып алуулар системасын өркүндөтүү жана натыйжалуулугун жогорулатуу мыйзамдык базаны жана мамлекеттик сатып алуулардын электрондук системасын жакшыртуу жолу менен ишке ашырылууга тийиш.​ Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" мыйзам долбоорун коомдук талкуулаган жыйында айтты. 

Ал белгилегендей, Министрлер кабинети мамлекеттик сатып алуулар тармагында реформа жүргүзгөн. Ага ылайык, 6 жыл ичинде мыйзам 11 жолу өзгөртүлүп, өзгөртүүлөр дайыма эле процедураларды жөнөкөйлөштүргөн эмес.

"Моюнга алуу керек, формалдуу түрдө азыркы мамлекеттик сатып алуу системасы ачык-айкын жана бардык сатып алуулар электрондук портал аркылуу жүргүзүлөт. Чындыгында, система коррупция үчүн жылчыктарды калтырат, анын бири – акчалардын изин жашыруу болуп саналат", - деди Жапаров.

Ал Ички иштер министрлигинин Ички аскерлериндеги коррупциялык ишти мисалга келтирди, бул боюнча, 33 млн 946 миң сом жалган фирмалардын эсебине которулуп, кийинчирээк аны ыйгарып алышкан. 

Маалым болгондой, ведомство жүргүзүлгөн мамлекеттик сатып алуулардагы коррупциялык фактыларды өз алдынча аныктаган.

"Бул акча өздүк курамга азык-түлүк жана кийим-кече сатып алууга багытталган. Жана бул бир гана мисал эмес. Үстүбүздөгү жылдын 10 айында жүргүзүлгөн талдоолордун жыйынтыгы боюнча күмөн жараткан сатып алуулар жана алардын көлөмү аныкталган. Маселен, ооруканалардын бири 6,8 миң шыпыргы жана 3,8 миң чака сатып алган", - деди Министрлер кабинетинин башчысы.

Иш-чаранын жүрүшүндө өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоорунун жаңы редакциясына оң баасын беришти.

Тэги: минкаб сатып алуулар коомдук угуу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу