«Мамлекеттик сатып алууларды иретке келтирүү керек» – Жапаров

10.02.2023, 14:42 Акчабар
«Мамлекеттик сатып алууларды иретке келтирүү керек» – Жапаров

Жыл сайын 1 миллиард доллар мамлекеттик сатып алууларга жумшалат. Анын ичинде 51%дан ашыгы мамлекетке таандык компаниялар. Бул тууралуу бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Каржы министрлигинин 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча коллегиясында билдирди.

Министрлер кабинетинин башчысы 2023-жылдын 1-кварталынын аягына чейин мамлекеттик сатып алууларды иретке келтирүүнү тапшырды. Ал министрликтин аймактык башкармалыктарынын иши боюнча да маселеге токтолду.

“Биз баарыбыз райондук каржы бөлүмдөрүнүн, шаардык каржы бөлүмдөрүнүн ишин күчөтүшүбүз керек”, - деди Акылбек Жапаров.

Өкмөт башчы райондук каржы бөлүмдөрү райондогу “бардык акчаны”, анын ичинде пенсияга, жөлөкпулга, мектептерди оңдоого жана курулушка жумшалган каражатты көрүшү керектигин белгиледи.

“Бул системаны иштеп чыккыла. Казыналык Мамкурулушка каражатты берип, андан аркысын унутат. Президент кыдырды, мен кыдырдым, аким, райондук каржы бөлүмү эмне курулуп жатканын, кандай каржылоону, билбейт. Алар жер-жерлерде казынанын акчасы кандай жумшалып жатканын көрүшсүн”, - деди ал. 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу