Марипов: Бизнес менен өз-ара пайдалуу мамиле түзүү экономиканы өнүктүрүүнүн негизи болуп саналат

07.04.2021, 15:00 Акчабар
Марипов: Бизнес менен өз-ара пайдалуу мамиле түзүү экономиканы өнүктүрүүнүн негизи болуп саналат

Бизнес менен өнөктөштүк жана өз-ара пайдалуу мамиле түзүү өлкө экономикасын өнүктүрүүнүн негизи болуп саналат. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов Бишкек шаарындагы сейил бактардын биринде бизнес жана IT—компания өкүлдөрү менен биргеликте өткөн дарак отургузуу иш-чарасында билдирди. 

 

Иш-чара өкмөттүн аппараты тарабынан ишкердүүлүктү колдоого алуу иретинде уюштурулган. 

«Жалпыбызга белгилүү болгондой, ишкерлик тармак колдоого алынбаса, атамекендик экономиканы өнүктүрүү тууралуу кеп болушу мүмкүн эмес. Буга байланыштуу бүгүнкү күндө Өкмөт бизнести кошумча түрдө колдоого алуу чараларын кабыл алуу аркылуу экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүүгө бардык күч-аракетин жумшоодо. Жакында президент «Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө» Жарлыгына кол койду, бул бизге ишенимдүү түрдө иш алып барууга жол ачат», - деди Улукбек Марипов. 

Премьер-министр Өкмөттүн артыкчылыктуу багыттарынын бири катары ишкерлердин жана инвесторлордун укугун жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын мамлекет тараптан корголушунун кепилдигин камсыздоо маселеси саналарын баса белгиледи.   

«Ишканаларды экономикалык жана финансылык колдоого адуунун, финансылык тутумду жакшыртуу жана кичи жана орто бизнести колдоого алуунун тутумдуу чараларын уюштуруу үстүндө иш жүргүзүлүүдө. Каралып жатккан демилгелердин бардыгы учурдагы абалдын экономиканын конкреттүү тармагынын өнүгүүсүнө карай  таасирине талдоо жүргүзүүгө, ошондой эле бизнестин сунуштарына негизделүүдө», - деп белгиледи ал. 

 

Тэги: ишкерлик экономика премьер-министр лукбек Марипов бизнес

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу