Бишкекте массалык иш-чара өткөргөндүгү үчүн «Кайнар» ресторанына апыппул салынды

12.06.2020, 13:30 Акчабар
Бишкекте массалык иш-чара өткөргөндүгү үчүн «Кайнар» ресторанына апыппул салынды

Бишкек шаарында спорттук, майрамдык, мааракелик жана башка массалык иш-чараларды өткөрүүгө уруксат бериле элек. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Татьяна Кузнецова өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

 

Кузнецова тилекке каршы, коронавирустун коркунучун бардык эле жетекчилер түшүнө бербестигин айтат.

«Санэпидкөзөмөл борборунун өкүлдөрү тарабынан «Кайнар» ресторанына массалык иш-чара өткөргөндүгү үчүн айыппул салынган», - дейт ал.

Вице-мэр коронавирус илдетине шектенген учурда 118 ыкчам номерине, санитардык нормалар жана эрежелер сакталбаган учурда Бишкек шаарынын мэриясынын күнү-түнү иштеген 1840, 1850 колл-борборуна кайрылса болорун эскертип кетти.

Белгилей кетсек, 12-июнга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 2166 учур катталды. Алардын ичинен 425и медицина кызматкери. Илдеттен 1668 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 26 адам каза болду.

Тэги: Бишкек шаары иш-чара Татьяна Кузнецова Өкмөт үйү Өкмөт үйү

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу