Медицина кызматкерлерин акы төлөнбөгөн өргүүгө кетирүү учурлары болбошу керек

03.07.2020, 15:20 Акчабар
Медицина кызматкерлерин акы төлөнбөгөн өргүүгө кетирүү учурлары болбошу керек

Медицина кызматкерлерин акы төлөнбөгөн өргүүгө кетирүү учурлары болбошу керек. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр Аида Исмаилова билдирди.

 

«Бизге медициналык кызматкерлерди саламаттык сактоо мекемелеринин жекетчилери акы төлөнбөгөн өргүүгө чыгарып жатканы боюнча арыздар түшүп жатат. Андай нерсе болбошу керек. Себеби, медицина кызматкерлеринин кепилденген айлык акысы толук түрдө төлөнүп жатат. Медицина кызматкерлеринин кайсы бир кошумча төлөмдөрдү албай калганын айтууга тыюу салып жаткан саламаттык сактоо мекемелеринин жетекчилери боюнча кайрылуулар болууда. Алар боюнча иш алынып барат. Эгер саламаттык сактоо мекемелеринин жетекчилери тарабынан төлөмдү азайтып төлөө же ал маселени көзөмөлүнө албаган учур болсо ал жетекчинин кызмат ордунан алуу маселесин карайбыз», - деди ал.

Тэги: акы өргүү Медицина кызматкерлер

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу