Медведев Орусияга эмгек мигранттарын киргизүү тартибин катаалдаштырууну сунуштады

05.08.2020, 15:50 Акчабар
Медведев Орусияга эмгек мигранттарын киргизүү тартибин катаалдаштырууну сунуштады

Орусиянын мурдагы премьер-министри жана Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев эмгек мигранттарын Орусияга киргизүү тартибин өзгөртүүнү сунуштады.

Ал Орусияда ишке орношо аларын тастыктаган, маселен, иш берүүчү менен түзүлгөн келишимди көрсөткөн мигранттар гана чек арадан өткөрүлүшү керек деп эсептейт.

Медведев Коопсуздук кеңешинин жыйынындагы билдирүүсүндө Орусиянын Элдик чарба академиясынын баяндамасына шилтеме жасады. Академиянын окумуштууларынын маалыматына караганда, пандемиянын кесепетинен улам Орусиядагы мигранттардын 40%га жакыны жумушсуз, экономикалык жактан оор абалда калышты.

Медведев мунун кесепетинен кылмыштуулук өсүшү мүмкүн экенин белгилеп, июль айында Москва, Санкт-Петербург, Екатеринбург шаарларында, Мурманск жана Амур облустарында чет өлкөлүктөр аралашкан кылмыштар көп катталганын тактады.

“Мына, араб өлкөлөрүндө иш берүүчү чет өлкөлүк жумушчуларынын аракеттери үчүн толугу менен жоопкерчиликти өзүнө алган чечим бар. Бул өтө катаал чара, ошентсе да муну талкуулап көрсө болот”, – деген ал.

Орусиянын Ички иштер министрлиги 25-июлдагы билдирүүсүндө мигранттарды экстремизм окуяларына, коомдук тартипти одоно бузууга жана санкция берилбеген каршылык акцияларына катышууга байланыштуу айыптаган.

Тэги: мигранттар Орусиядагы мигранттар Кыргыз жарандары

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу