«MEGA студенттер үчүн» акциясы – бул акысыз байланыш. Келечек билимдүү жаштардын колунда!

14.04.2020, 13:45 Акчабар
«MEGA студенттер үчүн» акциясы – бул акысыз байланыш. Келечек билимдүү жаштардын колунда!

«Альфа Телеком» ЖАК мектеп мугалимдерин жана окуучуларын акысыз байланыш менен камсыз кылгандыгы баарыбызга маалым. Эми MegaCom компаниясы карантин убагында үйлөрүндө болуп, аралыктан окутуу жолу менен билим алып жатышкан студенттерди да колдоону чечти жана алар үчүн «MEGA студенттер үчүн» акциясын ишке киргизди.

Урматтуу студенттер! MegaCom компаниясы карантин шартында билим кенин казып жаткан студенттерди көз жаздымда калтырган жок жана сиздер үчүн «MEGAСтудент» интернет-топтомун иштеп чыкты. Топтом карантин маалында Кыргызстандын бардыгыңыздар үчүн акысыз көрсөтүлөт.

MegaCom байланышына кошулуп, Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын билим берүү сайттарына, KelBil жана Google Classroom сервистерине кирүү үчүн акысыз жетки алыңыз. Үйдөн чыкпастан эле окуу материалдарын колдонуп, жаңылыктардан артта калбай, маанилүу маалыматтарды алып, жана да бөлүшүп турсаңыз болот. Кеңири колдонулуучу тиркемелерде баарлашуу жана көңүл ачуу үчүн акысыз интернет-трафик каралган:

∙WhatsApp;

∙Instagram;

∙TikTok.

Дүйнө жүзүнүн көңүл борборун коронавирус тууралуу түрдүү маалыматтар ээлеп турган учур. Өзүнө көңүлдүү маанай тартуулап, бош убактысын кызыктуу өткөрүүнү кааласа, студенттер «MEGAСтудент» акысыз топтомунда төмөнкү оюндар үчүн бериле турган акысыз интернет-трафикти колдоно алышат:

∙PUBG Mobile;

∙Garena FreeFire;

∙BrawlStars;

∙World of Tanks Blitz;

∙Dota 2 Dota Underlods;

∙Clash of Clans.

Балансы нөл жана нөлдөн төмөн болгон абалда MegaCom студент-абоненттерине күн сайын түйүн ичинде 10 мүнөт акысыз байланыш берилет.

Топтомду кантип кошуп алууга болот?

Топтомду үйдөн чыкпастан эле кошуп алсаңыз болот. Болгону WhatsApp аркылуу 0999 120000 номерине табыштама калтырыңыз. Билдирүү төмөндөгү маалыматтарды камтуусу керек:

  • Аты-жөнү;
  • MegaCom номери (топтом кошула турган);
  • Университеттин аталышы;
  • Тайпа;
  • Студенттик билеттин же китепченин сүрөтү.

Бир күндүн ичинде сизге кошуу үчүн нускама жөнөтүлөт. Табыштаманы каалаган мобилдик операторлордун номерлеринен калтырууга болот.

«MEGA студенттер үчүн» акциясына кошулуңуз да, жакындарыңыз менен чектөөсүз баарлашыңыз, убактыңызды көңүлдүү өткөрүңүз жана билим дүйнөсүнө саякаттаңыз! MegaCom ар дайым сиз менен!

Тэги: Мегаком акция

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу