Үрп-адат, салт-санаага урмат көрсөтүп: MegaCom Ак калпак күнүн белгиледи

05.03.2020, 16:55 Акчабар
Үрп-адат, салт-санаага урмат көрсөтүп: MegaCom Ак калпак күнүн белгиледи

Бүгүн, 5-мартта Кыргызстанда кыргыздардын улуттук баш кийими, ата-бабалардын мурасы болуп саналган жана өзүнө терең улуттук философиясын камтыган Ак калпак күнү белгиленүүдө. Ак калпактын формасы Кыргызстандын кар баскан мөңгүлөрүнө окшошот, ал эми аны кооздоп турган оймо-чиймелер баш кийимдин ээсинин жаш курагы жана статусу тууралуу көп нерсени айтып бере алат.

Ак калпакты популяризациялап, улуттук салт-санааларды колдоо жана кыргызстандыктардын мекенчил рухун көтөрүү максатында MegaCom Ак калпак күнүнө карата бир нече акцияларын уюштурду.

«Альфа Телеком» ЖАКнын жамаатынын мырзалары майрамга урматын көрсөтүп, кеңсеге ак калпактарды кийип келип, корпоративдик флешмобго катышты.

Ак калпак күнүн майрамдоого MegaComдун сатуу жана тейлөө Борборлорунун кызматкерлери дагы катышты. Бир күн бою ишкананын кызматкерлери «Альфа Телеком» ЖАКынын кардарларына  ак калпак кийип тейлөө көрсөтүштү.

Ак калпак күнүн белгилөөнүн кульминациясы Megacom ишканасы тарабынан Facebook жана Instagram слциалдык түйүндөрүндө жарыяланган сынак болот. Ак калпак кийип сүрөткө түшүп, аны социалдык түйүндөргө жүктөп, эң көп лайк алган үч жеңүүчүнүн ысымдары  5-март күнү саат 17.00дө жарыяланат.

 

 

Тэги: Ак калпак күнү MegaCom

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу