MegaCom бүткүл Кыргызстан боюнча 4G түйүнүнүн каптоосун кеңейтти

06.10.2022, 17:06 Акчабар
MegaCom бүткүл Кыргызстан боюнча 4G түйүнүнүн каптоосун кеңейтти

MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш оператору бүткүл Кыргызстан боюнча 2G/3G/4G түйүндөрүнүн каптоосун кеңейтүү жана оптимизациялоо боюнча пландалган иштерин улантууда.

2022-жылдын август, сентябрь айларында республиканын шаарларында жана айылдарында жүргүзүлгөн иштер өлкөнүн жети облусунда тең мобилдик интернеттин ылдамдыгын жогорулатып жана байланыш сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берди.

Базар-Коргон, Баткен, Бишкек, Жалал-Абад, Исфана, Кадамжай, Кара-Балта, Каракол, Кара-Суу, Кызыл-Кыя, Майлуу-Суу, Нарын, Ноокат, Орловка, Ош, Талас, Өзгөн, Чолпон-Ата шаарларында, ошондой эле:

·         Баткен облусунун Ак-Суу, Базар-Башы, Бел, Голбо, Жаңы-Жер, Жаңы-Турмуш, Жаңы-Сырт, Жеңиш, Кайрагач, Кара-Токой, Коммунизм, Ленин, Маргун, Ормош, Пүлгөн, Сур-Таш, Сухана, Таш-Кыя, Чечме айылдарында;

·         Жалал-Абад облусунун Абдраимов, Ак-Терек, Ак-Тыт, Ала-Бука, Алма, Арал, Аркалык, Аук, Жаңы-Арык, Жаңы ачы, Жашасын-2, Жеңиш, Жети-Кошкон, Жылан-Темир, Кагазды, Кайнар, Kaрача, Кашкасуу, Көк-Айдар, Кичи-Бүргөндү, Комсомол, Кургак-Көл, Кызыл алма, Кызыл-Ата, Күмүш-Азиз, Мундуз, Орто-Токой, Өрүктү, Өрүктү сай, Сары-Сыя, Сары-Талаа, Сафедбулан, Талаабулак, Таш-Булак, Туура-Жаңгак, Ууру-Жар, Черемушки, Чертак-Таш, Чолок-Тума, Ширин, Эски-Массы айылдарында;

·         Ысык-Көл облусунун Ак-Терек, Кара-Ой;

·         Нарын облусунун Казан-Куйган, Куланак, Оттук айылдарында;

·         Ош облусунун Алим-Тепе, Араван, Асанчек, Бакмал, ВЛКСМ, Дөң-Булак, Жаңы-Айыл, Жапалак, Жийде, Кара-Дарыя, Кашкар-Кыштак, Керкидан, Коо-Чаты, Кызыл-Сеңгир, Маданият, Мады, Ничке-Сай, Нурдар, Сары-Булак, Сары-Күнгөй, Сырт, Тажик-Маала, Тепе-Коргон, Терек, Тогуз-Булак, Уйгур-Абад, Чалк-Өйдө, Чычырканак, Шералы айылдарында;

·         Талас облусунун Ак-Башат, Кара-Сай, Чымгент;

·         Чүй облусунун Александровка, Ат-Башы, Бөксө-Жол, Беловодское, Белый-Пикет, Жаңы-Алыш, Кайсар, Кайырма, Каракол, Константиновка, Ленинское, Нижневосточное, Таш-Дөбө, Чолок айылдарында жүргүзүлгөн базалык станцияларды модернизациялоо иштери 4G түйүнүнүн өткөргүчтүк касиетинин кыйла өсүүсүн шарттады.

Базар-Коргон, Бишкек, Жалал-Абад, Исфана, Кара-Көл, Кара-Суу, Кызыл-Кыя, Майлуу-Суу, Нарын, Ноокат, Орловка, Ош, Токмок, Өзгөн шаарларында, ошондой эле:

·         Баткен облусунун Булак-Башы айылында;

·         Жалал-Абад облусунун Абдраимов, Ала-Бука, Арал, Кагазды, Комсомол, Сары-Сыя, Сары-Талаа, Черемушки, Чертак-Таш айылдарында;

·         Ысык-Көл облусунун Баетов, Кара-Коо, Кара-Кыз, Сары-Ой, Эшперов;

·         Ош облусунун Алим-Тепе, Араван, Асанчек, Бостон, ВЛКСМ, Жапалак, Кашкар-Кыштак, Маданият, Мады, Сары-Булак, Сары-Күнгөй, Тажик-Маала, Тепе-Коргон, Тогуз-Булак, Уйгур-Абад, Шоро-Башат;

·         Талас облусунун Чымгент айылында;

·         Чүй облусунун Беловодское, Новопавловка, Новопокровка айылдарында жүргүзүлгөн базалык станцияларды модернизациялоо иштеринин жыйынтыгы менен 3G түйүнүнүн сигналы жакшырды.

Муну менен катар, Бишкек, Ош, Токмок шаарларында, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Кургак-Көл, Күмүш-Азиз, Ош облусунун Маданият жана Чүй облусунун Новопавловка айылдарында 2G түйүнүнүн базалык станциялары модернизацияланды.

4G стандартындагы жаңы базалык станциялар Шамалды-Сайда, ошондой эле:

·         Баткен облусунун Кыргызстандын 50 жылдыгы, Ай-Кол, Көтөрмө, Маданият, Тамаша, Тогуз-Булак, Чапаев айылдарында;

·         Жалал-Абад облусунун Ак-Тектир, Чолпон-Ата;

·         Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз, Жылуу-Булак айылдарында;

·         Ош облусунун Мичурин;

·         Талас облусунун Көк-Дөбө айылында орнотулду.

 3G стандартындагы базалык станциялар:

·         Жалал-Абад облусунун Авлетим, Жүзүмжан, Кара-Жыгач, Кара-Суу, Кечүү, Торкамыш, Чарба айылдарында;

·         Ысык-Көл облусунун Боз-Учук, Каракол, Качыбек, Орлиное, Энчилеш;

·         Талас облусунун Арашан, Көк-Дөбө айылдарында колдонууга берилди.

2G стандартындагы базалык станция Ысык-Көл облусунун Каркыра айылына орнотулду.

Эсиңиздерге салабыз: түйүндүн каптоо аймагы жөнүндө маалыматты MegaCom компаниясынын расмий сайтынан Түйүндүн каптоосу боюнча интерактивдүү картанын жардамы менен ар дайым онлайн режимде ала аласыздар. Картанын жардамы менен жакынкы станциянын сигналынын деңгээлин оңой көзөмөлдөп, ошондой эле бүткүл Кыргызстан боюнча 2G, 3G жана жогорку ылдамдыктагы 4G түйүндөрүнүн каптоосу боюнча маалымат ала аласыздар.

Ошондой эле абоненттер түйүндү каптоосун жакшыртуу зарыл болгон калктуу аймактар боюнча маалыматтарын *500 номерлүү байланыш борборуна чалып же +996 999 500 000 номерине WhatsApp же Telegram аркылуу маалымдасаңыздар болот.

MegaCom компаниясынын акыркы жаңылыктары менен ар дайым кабардар болуп туруңуздар! Биздин Facebook, Instagram, Twitter жана Telegram каналыбызга жазылыңыздар.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу