MegaCom: 2020-жылдын 10 айы үчүн бюджетке төлөмдөр 885,4 миллион сомдон ашты

09.12.2020, 17:00 Акчабар
MegaCom: 2020-жылдын 10 айы үчүн бюджетке төлөмдөр 885,4 миллион сомдон ашты

«Альфа Телеком» ЖАК (соода белгиси MegaCom) 2020-жылдын 8-декабрында Tazabek басылмасы тарабынан жарыяланган «MegaCom’дун 10 ай ичиндеги бюджетке төлөмдөрү 6 эсеге азайды» деген макаласындагы маалыматты четке кагат.

2019-жылдын жана 2020-жылдын 10 айы үчүн салык милдеттенмелери жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча аталган басылмада жарыяланган толук эмес маалыматтар боюнча «Альфа Телеком» ЖАК төмөндөгүнү маалымдайт:

2020-жылдын 10 айында компания тарабынан 655 млн 760 миң сом суммасында салык милдеттенмелери (2019-жылдын 10 айындагы көрсөткүчтөн 84,5%), 229 млн 700 миң сом (113,8%)суммасында камсыздандыруу төгүмдөрү төлөнгөн, тактап айтканда, жалпы сумма 885 млн 460 миң сомго (90,6%) барабар.

«Альфа Телеком» ЖАК бардык милдеттенмелер Кыргыз Республикасынын бюджетине өз убагында жана толук көлөмдө төлөнгөндүгүн баса белгилейт.

MegaCom уюлдук оператору Кыргызстандын жалпыга маалымдоо каражаттарына «Альфа Телеком» ЖАК тарабынан салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча бюджетке төлөнгөн жана төлөнө турган милдеттенмелер жөнүндө ишенимдүү жана объективдүү маалыматтарды гана жарыялоо өтүнүчү менен кайрылат жана коомчулукту адаштырган жана компаниянын ишкердик аброюна терс таасирин тийгизген жалган маалыматтарды жайылтпоону суранат.

 

Тэги: MegaCom бюджет

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу