MegaCom компаниясы жаш кыргызстандыктарды Балдарды коргоо күнү менен куттуктады

01.06.2021, 14:20 Өнөктөштүк макаласы
MegaCom компаниясы жаш кыргызстандыктарды Балдарды коргоо күнү менен куттуктады

Бүгүн, 1-июнда дүйнө жүзүндө Эл аралык балдарды коргоо күнү белгиленет. Адатка айлангандай эле MegaCom уюлдук оператору балдар үйүнүн тарбиялануучуларына майрамдык иш-чараларды уюштурду.

Компания жетекчилиги жана MegaCom'дун аймактардагы өкүлдөрү Оштогу № 12 көмөк интернат-мектепке жана Жалал-Абаддагы балдардын психоневрологиялык социалдык-стационардык мекемесине барышты. Уюлдук оператордун жамаатынын атынан балдарга таттуулар, белектер жакшы тилектерди каалоо менен тапшырылды.

Буга жооп кылып социалдык мекемелердин тарбиялануучулары ачык маанай, жагымдуу эмоциялары менен концерттик ыр-бийлерди тартуулашты.

«Биз мамлекеттин жана бизнестин колдоосуна муктаж болгон кыргызстандык балдардын жаркын келечеги үчүн жоопкерчиликтүүбүз. Биз балдарга канчалык көп мээрим, камкордук берип, көп көңүл бурсак ошончолук дени сак, бактылуу, билимдүү, дилгир муун өсүп жетилет, - деди өз сөзүндө «Альфа Телеком» ЖАКнын башкы директору Азат Базаркулов. - MegaCom социалдык мекемелердин тарбиялануучуларына алардын өнүгүүсү жана социалдык адаптациясы жакшы болушу үчүн байма-бай жардам көрсөтүп турат».

Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө Сокулук райондук ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялык борбору дагы көңүлдөн сырт калган жок. Аталган жайда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар дарылануудан өтөт. Уюлдук оператордун аталган борборго барган кызматкерлери балдарга шейшептерди жана таттууларды белекке беришип кубандырышты.

Эске салсак, MegaCom компаниясы корпоративдик социалдык жоопкерчилигинин алкагында жыл сайын Балдарды коргоо күнүнө жана Жаңы жыл майрамына карата социалдык мекемелерге барып майрамдык маанай тартуулашат. Ата мекендик уюлдук оператор алдын ала балдар үйү, мектеп, интернат жана жалпы социалдык мекемелердин администрациялары менен сүйлөшүп, зарыл нерселерин такташып андан соң керектүү буюмдарды, күнүмдүк тиричилик техникаларын, эмеректерди белек кылат.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу