MegaCom «Мобилдик клиникасы»: акциянын жыйынтыктары

26.08.2020, 12:20 Акчабар
MegaCom «Мобилдик клиникасы»: акциянын жыйынтыктары

MegaCom жергиликтүү администрациялардын жана Medcenter.kg көп багыттуу медициналык борборунун колдоосу менен уюштурулган «Мобилдик клиника» акциясынын жыйынтыктарын чыгарды.

 

 

2020-жылдын 14-августунан 23-августуна чейин Medcenter.kg борборунун хирург, терапевт, гинеколог, кулак-мурун дарыгери, невропатолог, ошондой эле онколог-пульмонолог, дерматолог-уролог адистеринен турган кыдырма бригадасы Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы 4 айылдын жашоочуларынан 642 бейтапка кароо жүргүзүштү. «Мобилдик клиниканын» ар бир врачы күнүнө 30дан 60ка чейин адам кабыл алып, жалпысынан 1200гө жакын бейтапты текшерүүдөн өткөрүштү.

Көп багыттуу Medcenter.kg медициналык клиникасы команданын курамына жогорку квалификациялуу адистерди кошуп, алар бейтаптарды кабыл алуусу үчүн бардык зарыл болгон материалдар менен жабдып берди. MegaCom компаниясы өз кезегинде долбоордун логистикасын камсыздап, кабыл алууга аралыктан жазылуу шартын уюштуруп берди.

Бейтаптардын текшерилүүсү MEGA24 (GooglePlay жана App Store'дон жүктөп алуу жеткиликтүү) тиркемеси аркылуу жазылуу менен акысыз жүрүп жатты. Мындан тышкары абоненттер акция жөнүндө кошумча маалымат алуусу үчүн *5533 кыска номери кызматта болду.

MegaCom эскертет: ооруну өз учурунда аныктоо жана квалификациялуу медициналык кеңеш сиздин ден соолугуңуздун корголушун жана саламатта болушун камсыздайт.

Тэги: MegaCom Мобилдик клиника акция

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу