MegaCom Ошто жана Араванда Сатуу жана тейлөө борборлорун ачты

21.10.2022, 16:09 Акчабар
MegaCom Ошто жана Араванда Сатуу жана тейлөө борборлорун ачты

Учурдагы абоненттерге жана потенциалдуу кардарларга шарттарды түзүү, ошондой эле байланыш кызматынын түрлөрүнөн кеңири пайдалануу шарттарын болушунча жөнөкөйлөтүү аракетинде MegaCom компаниясы өлкөнүн аймактарында бөлүмдөр түйүнүн кеңейтүүнү улантат.

2022-жылдын октябрында компаниянын расмий өкүлчүлүктөрү Ош шаарындагы жана Араван айылындагы Сатуу жана тейлөө борборлору менен толукталды.

Жаңы кеңселерге кайрылган кардарлар SIM-карталарды сатып алуу жана каттатуу, номерди калыбына келтирүү же кайра каттоо, баланс толуктоо, актуалдуу кызматтарды коштуруу, ошондой эле MegaCom’дун жаңы тарифтик пландары, сервистери жана кызматтары боюнча адистерден кеңештерди ала алышат.

Сиздерди төмөнкү даректерде жайгашкан Сатуу жана тейлөө борборлорунан кубануу менен тосуп алууга даярбыз:

  • Ош шаары, Т. Жумабаев көчөсү, 16;
  • Ош облусу, Араван району, Араван айылы, Андижан көчөсү.

MegaCom’дун Сатуу жана тейлөө борборлорунун толук тизмеси менен компаниянын расмий сайтынан тааныша аласыздар.

MegaCom – мамлекеттик уюлдук байланыш оператору

Тэги: MegaCom

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу