MegaCom’дун кызматкерлери 24 литрден ашык кан тапшырышты

09.06.2021, 11:21 Акчабар
MegaCom’дун кызматкерлери 24 литрден ашык кан тапшырышты

MegaCom’дун жамааты Республикалык кан борбору менен биргеликте жыл сайын өтүүчү донорлук кан тапшыруу акциясына катышты. Кан тапшыруу компаниянын башкы кеңсесинде өттү.

Кыргызстандагы Кан донорлору күнүн утурлай «Альфа Телеком» ЖАКсынын 54 кызматкери өз каалоолору менен кан тапшырышты. Таңдан тартып MegaCom’дун кеңсесине атайын жабдыктар орнотулуп, пайдалуу ишке катышууга ондогон адамдардын кезеги жаралды. Белгиленген эрежелерге ылайык, процедура алдында компаниянын кызматкерлери керек болгон бардык текшерүүлөрдөн өтүштү.

«Аталган акция ыктыярдуу донорлордон кан топтоп, аны кийинки компоненттерине даярдап, Бишкектеги саламаттыкты сактоо мекемелерин кан менен камсыздоо максатында уюштурулат, — деди Республикалык кан борборунун көчмө бригадасынын башчысы Назгүл Кубатбекова. — MegaCom адаттагыдай эле кан тапшыруу акциясында активдүү компаниялардын сап башына кирди. Бул көрүнүш анын кызматкерлеринин социалдык жоопкерчиликтүүлүгүнөн кабар берет. MegaCom’го келген сайын өткөн жылдары да кан тапшырган жана мындай баалоого арзырлык ишке биринчи жолу кадам таштаган кызматкерлерди көрүү бизге абдан жагымдуу».

Республикалык кан борборунун башчысынын айтымында, кан компоненттерине дайыма муктаждык бар. Өзгөчө жаңы тоңдурулган плазмаларга суроо-талап көп, бул коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө куюуда жакшы натыйжа берет. Мындан тышкары, канга жаңы төрөгөн аялдар, гематологиялык жана онкологиялык илдетке кабылган бейтаптар күн сайын муктаж болушат. Ошол эле учурда оор операция жасалган адамдар, жол кырсыктарына кабылган адамдарга да өз учурунда кан куюу маанилүү.

Ыктыярдуу түрдө кан тапшыруу кайрымдуулук акциясын MegaCom менен Республикалык кан борбору 8 жылдан бери өткөрүп келет. Бул жылдар аралыгында акцияга жалпы 400дөн ашык адам катышып, 250 литрге жакын кан тапшырылган. Бүгүнкү акциянын жыйынтыгы менен жалпысынан 24,3 литр кан топтолду.

MegaCom — муктаж болгон кыргызстандыктарга кол сунган социалдык жоопкерчиликти жогору койгон компания. Саламаттыкты сактоо тармагындагы долбоорлор менен биргеликте эле билим берүү, маданият, спорт жаатындагы социалдык демилгелерди дагы байма-бай колдоп келет.

Тэги: Мегаком, Назгүл Кубатбекова, Альфа Телеком,

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу