Учурда мектепке электрондук каттоо боюнча 7 миң арыз келип түштү

28.02.2020, 17:00 Акчабар
Учурда мектепке электрондук каттоо боюнча 7 миң арыз келип түштү

28-февралга карата «Мектепке электрондук каттоо системасы» аркылуу балдарды 1-класска кабыл алуу үчүн катталган арыздардын саны 7178ге жетти. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

2020-2021-окуу жылына балдарды электрондук түрдө мектепке каттоо Кыргызстандын алты шаарында ишке ашып жатат: Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя, Кара-Балта жана Токмок.

Арыз калтыруу үчүн балдары 1-класска барчу ата-энелер, http://mektep.edu.gov.kg порталына катталып, тиешелүү документтерди тиркеши керек.

Электрондук каттоодо быйыл өзгөрүүлөр бар. Эгер өткөн жылы алгачкы үч айда жазылуу бир гана микроучастоктордо жүрсө, быйыл бир мезгилде микроучасток боюнча да, андан сырткаркы аймактардагы мектептерге да жазылса болот. Ал 15-августка чейин уланат.

Бул система балдарды биринчи класска кабыл алууда коррупциялык схемаларды азайтат. Ошондой эле ал ата-энелер үчүн да ыңгайлуу.

Мектепке электрондук каттоо пилоттук долбоору 2019-2020-окуу жылында Бишкек шаарында башталган. Анын жардамында борбордогу мектептерге 19 126 окуучу биринчи класска кабыл алынган.

Тэги: мектеп электрондук каттоо арыз

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу