Ч.Турсунбеков: «Кеңеш айылындагы мектепке 1 жыл мурун 150 миң сомдон акча бөлүнгөн» (видео)

04.09.2019, 16:40 Акчабар
Ч.Турсунбеков: «Кеңеш айылындагы мектепке 1 жыл мурун 150 миң сомдон акча бөлүнгөн» (видео)

«Парламентаризм сабактары» берүүсүндө Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нурак уулу, эл өкүлү Чыныбай Турсунбековго «Нарындын Кеңеш айылындагы контейнерден салынган мектепке коомчулук тараптан ар түрдүү сындар айтылып жатат. Муну угуп сиз уялдыңызбы?» деген суроосуна депутат төмөндөгүчө жооп берди: «Мен беш колумдай билем. Нарында Кеңеш айылындагыдай абалда болгон мектептердин саны – 22. Бул мектептер тууралуу учурунда бардык тиешелүү жерлерге сүрөт менен дагы, ооз эки түрүндө дагы айткам. Кат түрүндө дагы ӨКМге жолдогом. Өзгөчө Эмгек-Талаа менен Кеңеш айылындагы мектептердин сүрөттөрүнөн бери көрсөтүп бергем. Бардык тиешелүү органдар оңдотууга макулдугун беришкен. Ал турсун  бул маселе көтөрүлгөндө 150 миң сомдон акча бөлүп беришкен. Бирок, минтип иш жүзүнө ашпагандын себеби, депутаттын сунушуна көңүл кош карап, ишенбөөчүлүк көрсөткөнү десем болот. Бул бир эле мисал.» 

 

Нарын областынын Кеңеш айылында 2-сентябрь күнү 172 окуучуга жалпысынан алты контейнерден турган мобилдик мектеп ачылган. 

Тэги: Мобилдик үй Депутат Чыныбай Турсунбеков Кеңеш айылы Контейнер

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу