Окуучулардын үйлөрүнө ысык тамакка делген азык-түлүктөр таратылууда

14.05.2020, 15:30 Акчабар
Окуучулардын үйлөрүнө ысык тамакка делген азык-түлүктөр таратылууда

Билим берүү жана илим министрлиги Мерсико уюму менен биргеликте Кыргызстандагы 440 мектепте пайдаланылбай калган азык-түлүктөрдү башталгыч класстагы окуучулардын үй-бүлөлөрүнө таратууда. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Мерсико уюму 1-4-класстын окуучуларына ысык тамак берүү программасынын алкагында республикадагы 440 мектепти төрт түрдүү азык-түлүк (буурчак, күрүч, өсүмдүк майы, ун) менен камсыздап келет. Жалпы берүү берүү уюмдары аралыктан билим берүүгө өткөрүлгөндүгүнө байланыштуу аталган мектептердеги азыктардын калдыгы пайдаланылбай калган. Учурда алар балдары башталгыч класстарда билим алган үй-бүлөлөргө бөлүнүп берилип жатат.

Буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги БУУнун Бүткүл дүйнөлүк Азык-түлүк программасы менен биргеликте мектептеги тамак-ашка мерчемделген 116 тонна байытылган унду башталгач класстарда билим алган окуучулардын үй-бүлөлөрүнө таратып берүүнү баштаган.

 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу