Мэрия мыйзамсыз орнотулган жарнамаларды алууну улантууда

15.02.2023, 11:43 Акчабар
Мэрия мыйзамсыз орнотулган жарнамаларды алууну улантууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча башкармалыгы тышкы жарнамаларды иретке келтирүү боюнча рейд өткөрүүдө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Лев Толстой көчөсү, Жаш Гвардия бульварынан Кривоносов көчөсүнө чейин текшерүү жүргүзүлүп, натыйжада 112 жарнама конструкциясы, анын ичинде 6 жарнама мамычасы, 106 баннер алынды. 

“Текшерүүлөр шаардын архитектуралык-көркөм-эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу, тышкы жарнама маалыматтын мамлекеттик тилдеги тексттерин адабий тилдин нормаларына ылайык келтирүү, ошондой эле шаардын сырткы жарнамаларын жайгаштыруу жана пайдаланууну тартипке келтирүү максатында жүргүзүлүүдө”, - деп айтылат мэриянын маалыматында.

Эскерте кетсек, буга чейин комиссия жарнама жайгаштыруу эрежелеринин сакталышы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. 

Кошумчалай кетсек, борбордогу жарнама такталарды ижарага берүүдөн мэрияга жыл сайын 37 миллион сомдун тегерегинде каражат түшөт.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу