Коммерциялык банктар 12-октябрда банктар аралык валюта аукциондорунда 6 миллион 950 миң доллар сатып алышты. Бул тууралуу Улуттук банктан маалым болду.
Соодалар АКШ долларынын 0,24%га, 83,3 сомдон 83,5 сомго чейин өсүшү менен ачылды. Сооданын жабылуу курсу да 83,5 сомду түздү.
Белгилеп кетсек, өткөн аптада валюта курсу 80,7 сомдон жогору көтөрүлгөн эмес.