3-июндагы банктар аралык валюта соодасында коммерциялык банктар жалпысынан АКШ валютасын 12 миллион 950 миң долларга сатып алышкан. Бул тууралуу маалымат Улуттук банктын сайтында жайгаштырылды.
Соодалоонун ачылуу курсу 1 доллар үчүн 84,8 сом деңгээлинде болду. Бирок, соода сессиясынын аягында АКШ долларынын баасы 84,614 сомго чейин төмөндөдү. Ошентип, төмөндөө 0,2% дан бир аз ашыгыраак болгон.
АКШ долларынын сомго карата расмий курсу Улуттук банктын маалыматы боюнча 4-июнга карата 84,6731 сомду түзүп, 0,23% га жогорулады, америкалык валютанын коммерциялык курсу сатып алуу үчүн 84,6 сом, сатуу үчүн 84,9 сомду түздү.