Эл аралык байкоочулар: шайлоо таза өттү

05.10.2020, 17:14 Акчабар
Эл аралык байкоочулар: шайлоо таза өттү

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-октябрда, өлкөдөгү парламенттик шайлоонун өтүшүнө мониторинг кылган КМШ, ЖККУ, ШКУ, ТүркПА жана ТМККдан эл аралык байкоочу миссияларынын башчылары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Жолугушууда эл аралык байкоочулар Мамлекет башчысын жана өлкө элин парламенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттукташты. Алар шайлоо өткөрүү, шайлоо процессинде ачык-айкындуулукту камсыздоо боюнча иштер жогорку деңгээлде уюштурулганын белгилешти.

Ошону менен катар мыйзам базасын даярдоо, шайлоо участокторун заманбап технологиялар менен жабдуу боюнча уюштуруу иштерин белгилешти.

Мамлекет башчысы бардык эле өлкөлөрдөгүдөй болуп, шайлоо өткөрүүдө жер-жерлерде айрым бир кемчиликтер болгонун, алар ыкчам түрдө жоюлуп турганын баса белгиледи.

Президент шайлоо процессине мониторинг кылуу ишмердүүлүгү үчүн эл аралык байкоочулар миссияларынын башчыларына ыраазычылыгын билдирди.

 

 

Тэги: выборы СНГ Кыргызстан Сооронбай Жээнбеков

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу