11-февралда 12 айлык мөөнөттүү мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштыруу боюнча аукцион өтөт. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
Жалпысынан 110 млн сом жайгаштырылат.
Кошумчалай кетсек, 2020-жылдын 13-июлунан тарта финансы министрлигинин 12 айлык баалуу кагаздары боюнча гана милдеттенмелери бар. 9-февралга карата 442 млн 506 миң сомго бааланууда, жыл башына салыштырмалуу бул эки эсе төмөн. 2021-жылдын 4-январына карата бул сумма 815 млн 658.8 миң сомду түзчү.