45 кыргыз мигранттары ЖЧК «Стройинвест» компаниясынан эмгек акыларын ала алышпай, арыз жазышты

18.10.2019, 10:11 Акчабар
45 кыргыз мигранттары ЖЧК «Стройинвест»  компаниясынан эмгек акыларын ала алышпай, арыз жазышты

Россиянын Кыргызстандагы Мамлекеттик миграция кызматына, 45 кыргызстандыктардан арыз  келип түшкөн. Арыздын негизинде, Ыраакы чыгыштагы Петропавловск-Камчатка шаарындагы ООО «Стройинвест» компаниясы, иштеген кызматкерлердин эмгек акысын бербей келет. Кыргызстандыктардын айтымында, компания кызматкерлерге жалпысынан 1 млн. 454 миң 919 рубль (1 млн.587 миң 462 сом) карыз. 

Октябрь айынын башында миграция кызматынан өкүлчүлүк ООО «Стройинвест» жана  ЖАК  «Интегратор» компанияларынын жетекчилери менен жолугушуу өткөргөн. 

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, кызматкерлерге 750 миң рубль (818 миң 325 ссом)  кайтарылып берилген. Калган сумма өтө кыска убакыт аралыгында төлөнүп берилээрин убадалашкан. 

Андан сырткары, миграция кызматы менен Орусия өлкөсүнүн Камчат аймагы боюнча Иликтөө башкармалыгынын Иликтөө комитети менен жолугушуу өткөрүлүп арызданган жарандардын арызын кароо жөнөтүлдү. 

 

Тэги: трудовые мигранты Россия зарплаты финансы экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу