ООН: Дүйнө жүзү боюнда мигранттардын саны – 272 млн. түзөт

18.09.2019, 13:03 Акчабар
ООН: Дүйнө жүзү боюнда мигранттардын саны – 272 млн. түзөт

2019 – жылы дүйнө жузүндө мигранттардын  саны 272 млн.го жеткен. Бул тууралуу ООНдун экономикалык жана социалдык суроолор боюнча департаменти билдирет. 

Азыр мигранттар дүйнөдөгү калктын санынан 3.5% түзөт. 

Мигранттар тууралуу жаңы докладтарда, “мигранттар качкындардан айырмаланып өздөрүнүн жашоо-шартын оңдоо максатта, жакшы маяналуу жумушта иштөө максатта башка өлкөгө кетишет.  Алар туруктуу өнүгүүгө карай бет алышат, ошол эле учурда өздөрү колдоо жана жардамга муктаж болуп келишет” – деп жазылат. 

АКШ – мигранттар үчүн ыңгайлуу жана жагымдуу өлкө болуп эсептелет. Учурда АКШда 51 миң чет элдиктер бар. Ал эми Германия менен Сауд Арабияда 19 млн. мигрант  жашайт. Улуу Британияда – 10 млн., Канада, Франция, Австралияда – 8 млн. мигрант бар, ал эми Италияда – 6 млн. 

Мигранттардын 48% аялдар жана кыздар түзөт, 20 жашка чейинки жаштар – 14%, эмгекке жарамдуу жарандар 20 жаштан 64 жашка чейин 74% түзөт. 

Тэги: мигрант ООН 272 млн.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу