МИК Аламүдүн районундагы эки кабаттуу үйдү аукционго коет

23.03.2023, 15:05 Акчабар
МИК Аламүдүн районундагы эки кабаттуу үйдү аукционго коет

"Мамлекеттик ипотекалык компания" ААКсы Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Орто-Сай айылындагы "Сары-Өзөн" 3-тилке көчөсүндөгү № 7 дарегинде жайгашкан эки кабаттуу турак жайды сатуу боюнча ачык аукцион өткөрөт. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компания ААКсы билдирди. 

Аукциондун баштапкы баасы 68 млн 755 миң сомду түзөт. Ачык аукцион Бишкек шаарындагы Токтогул 228 көчөсүндө, 27-апрелде саат 15:00дө өтөт. 

“Аукционго катышуу үчүн 20 000 сом кепилдик төлөмдү төлөп, аукцион башталганга чейин арыз берүү керек. Катышууга арыздарды кабыл алуу 2023-жылдын 26-апрелинде, саат 16:00дө аяктайт”, - деп айтылат маалыматта. 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу