МИК: Каражаттын дээрлик жарымы аймактардагы турак жай курулушун каржылоого багытталат

01.04.2022, 17:31 Акчабар
МИК: Каражаттын дээрлик жарымы аймактардагы турак жай курулушун каржылоого багытталат

Быйыл Мамлекеттик ипотекалык компанияга каралган 8 млрд сомдун дээрлик жарымын аймактардагы турак жай курулушун каржылоого багыттоо пландаштырылууда. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңештин “Ишеним” парламенттик фракциясынын кезектеги жыйынында “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКнын башкармалыгынын төрайымы Аида Төлөгөнова билдирди.

Анын айтымында, Каржы министрлиги тарабынан 400 млн сом бөлүнгөнүн, жалпысынан быйылкы жылга 8 млрд сом каралган. Анын ичинен 3,5 млрд сомун аймактардагы турак жай курулушун каржылоого багыттоо пландаштырылууда.

“Биринчи кезекте Баткен районунун чек ара айылдарынын тургундары үчүн көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу башталат, тактап айтканда Максат жана Ак-Сай айылдары тандалып алынган. Андан ары бардык аймактарда көп кабаттуу үйлөрдү куруу мерчемделүүдө. Андан тышкары, бүгүнкү күндө “Менин үйүм 2021-2026” программасына катышуу үчүн өлкөнүн 34 345 жараны катталган. Каржылоо башталгандан бери 2021-жылдан бери жалпы суммасы 1,6 млрд сомдон ашык 732 ипотекалык насыя берилди”, - деди А.Төлөгөнова.

Белгилей кетсек, учурда “Менин үйүм 2021-2026” программасынын негизинде жеңилдетилген ипотека (жылына 4%) – бюджеттик тармактын кызматкерлерине жана жеткиликтүү ипотека (жылына 8%) – бардык категориядагы жарандарга берилүүдө.

Ипотекалык кредиттер 3 өнөктөш банк аркылуу чегерилүүдө: “Айыл Банк” ААК, “РСК Банк” ААК жана “Бакай Банк” ААК.

Тэги: мамлекеттик ипотекалык компания Баткен району турак жай курулушу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу