2019-жылы микрокредиттик уюмдар тарабынан 30 млрд сомдон ашык насыя берилген

06.04.2020, 11:15 Акчабар
2019-жылы микрокредиттик уюмдар тарабынан 30 млрд сомдон ашык насыя берилген

Былтыр Кыгызстанда микрокредиттик уюмдар тарабынан 30 млрд 188,2 млн сом насыя берилген. Бул тууралуу Улуттук статтистика комитетинен билдиришти.

Статистика комитетинин маалыматы боюнча, былтыр чакан насыя алгандардын саны 624,5 миң кишини түзгөн. Мурдагы жылга караганда 2019-жылы чакан насыя алгандардын саны 29,6%га же 142,6 миң кишиге, берилген насыянын көлөмү 7 млрд 72 млн сомго көп болгон.

Насыялардын басымдуу бөлүгү Ош облусунда (21%), Бишкек шаарында (19,2%), Жалал-Абад (14%) жана Чүй облустарында (13,9%) берилген.

Насыянын кайтарылышы мурдагы жылга салыштырганда 2,3%га көбөйүп, 93,4%ды түзгөн.

Тэги: микрокредиттик уюмдар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу