Ысык-Көл облусунун Өнүктүрүү фондусун башкаруу дирекциясы Жети-Өгүз районунун Ички иштер башкармалыгына кичи автобус сатып алууну көздөп жатат. Кайра өткөрүлгөн тендер мамлекеттик сатып алуулар сайтында жарыяланган.
Милиция кызматкерлерин ыкчам өткөрүп берүү үчүн атайын унааларга 1 миллион сом сарпталат.
Белгилей кетсек, фонддун бюджети "Кумтөр Голд Компани" ЖАКтын дүң кирешесинин 1% түзөт.