2019-жылы 38 айылда жашаган 47 миңден ашык адам ичүүчү суу менен камсыздалган

24.03.2020, 13:30 Акчабар
2019-жылы 38 айылда жашаган 47 миңден ашык адам ичүүчү суу менен камсыздалган

2019-жылы каржылоонун бардык булактарынан республиканын 38 айылынын ичүүчү суу менен камсыздоо системалары калыбына келтирилип, жаңы объектилери курулду. Натыйжада 47 миңден ашык адам ичүүчү суу менен камсыз кылынды. 

Мындан тышкары 2019-жылы жалпы суммасы 100 млн АКШ доллары болгон 7 долбоордун макулдашуусуна кол коюлган. Аны жүзөгө ашыруунун натыйжасында 150 миңден ашык жаран ичүүчү сууга жеткиликтүү болот. Кол коюлган долбоорлор төмөнкүлөр:

1. «Мырза-Аке, Ден-Булак жана Куршаб жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын суу менен камсыз кылуу системаларын реаблитациялоо» долбоору.

2.  «Жалал-Абад шаарынын суу менен камсыз кылуу жана канализация системаларын реаблитациялоо (2-фаза)» долбоору. 

3.  «Исфана шаарынын суу менен камсыз кылуу системасын реаблитациялоо» долбоору.

4. «Кербен шаарынын суу менен камсыз кылуу системасын реаблитациялоо» долбоору. 

5. «Айыл жергесинин суу менен камсыз кылуу системасын жана санитариясын өнүктүрүү» долбоору. 

6. «Нарын облусундагы айылдарды суу менен камсыздоону жана санитарияны өнүктүрүү» долбоору.

7. «Көп тармактуу ишмердүүлүктү чакан колдоо - Кыргыз Республикасы үчүн чакан сарптоолорду каржылоо механизми» долбоору. 

Учурда бул долбоорлор боюнча ички жол-жоболорду жүзөгө ашыруу боюнча иштер жүрүп жатат. 

Белгилей кетсек, 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасындагы калктуу конуштардын ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана агындуу суу системаларын өнүктүрүү стратегиясынын алкагында 8 млрд 882 млн сомго республикадагы 425 айылдын суу менен камсыз кылуу системасын, ошондой эле 4 млрд 048 млн сомго 27 райондук борбордун агынды суу системасын куруу жана реаблитациялоо боюнча иштерди аткаруу каралган.

Тэги: ичүүчү суу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу