Экономика министрлиги бизнес менен мамлекеттин ортосунда сотко чейинки териштирүүлөрдү колдойт

12.03.2019, 11:04 Акчабар
Экономика министрлиги бизнес менен мамлекеттин ортосунда сотко чейинки  териштирүүлөрдү колдойт

Экономика министрлиги бир жылдан бери бизнесмендерди адилеттүү соттук териштирүү укугун коргоо үчүн демилге көтөрүп жатат. Анда Кыргызстандагы бизнес коомчулугунун сунуштары  эске алынып, мыйзам долбоору жазылган. Учурда бул мыйзам долбоору жогорку инстанцияларда кароодо өтүп жатканын ведмствонун сайтында кабарлашты. 

« Бизнес-коомчулугу менен түзулгөн тыгыз алкадан улам, биз алардын КР сот системасына ишеничтин төмөндүгү,  туруктуу ишенбестик тууралуу билебиз. Бул стереотип жарандар арасында кеңири тараган.  Анда сырткы инвесторлор тууралуу  кантип сөз кылсак болот?! Биздин максат – инвесторлорду коргоо, алардын кызыкчылыктарын эске алуу, атамекендик ишкерликти өнүктүрүү үчүн жагымдуу экосистеманы түзүү, чет элдик капиталды тартууга жана мамлекет менен бизнестин ортосундагы ишенимди кайтаруу.  Ошондуктан, бул мыйзам долбоорун Кыргыз Өкмөтү менен Жогорку Кеңеш колдоп берет деген ишеничтебиз» – деп комментарий билдирген Экономика министри Олег Панкратов.

Жаңы мыйзам долбооруна ылайык, мамлекет экономикада инвестор катары чет элдик гана эмес, ата мекендик бизнести дагы тааныйыт.  Эң негизгиси бизнес менен мамлекеттин ортосундагы талаш-тартышты  сотко чейинки институттар медиация менен арбитраждык сот  аркылуу чечүүгө мүмкүндүк берет.  Бул жерде  талаштын адилеттүү чечилишине гана  жетпестен, тараптардын убакыттары менен ресустары дагы үнөмдөлөт. 

Эскерте кетели арбитраждык  сот автономду түрдө иштеп, мамлекеттик органдарга баш ийбейт. Медиация болсо, жаралган талаш тартыштарды сотко чейин, эки тараптын кызыкчылыктарын эске алуу  менен чечүүчү  кызмат. 

Тэги: Минэкономики бизнес судебная система

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу