Экономика министрлиги БУУӨП менен биргеликте «Экспорт кербени – 2021» компаниясын жыйынтыктады

22.12.2021, 11:56 Акчабар
Экономика министрлиги БУУӨП менен биргеликте «Экспорт кербени – 2021» компаниясын жыйынтыктады

Кыргызстандык ишкерлер продукцияны экспорттоо жана электрондук коммерция маселесине байланыштуу жаңылануу жана тенденциялар тууралуу көбүрөөк үйрөнүштү. Алсак, 6-декабрдан 17-декабрга чейин өлкөнүн бардык аймактарында “Экспорт кербени” аталышындагы маалыматтык кампания өткөрүлдү. Программанын максаттуу аудиториясы - өз продукциясын экспорттоону пландаган ишкерлер болду. 

Экономика жана коммерция министрлигинин, Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун, “Кепилдик фонду” ААКсынын өкүлдөрү, электрондук коммерция жана бизнести пландоо боюнча эксперттер өлкөнүн бардык аймактарында окуу иш-чараларын өткөрүштү. Алтынчы “Экспорт кербени” түндүк аймактардан башталып, жалпысынан 200дөн ашык ишкерлер бизнести өнүктүрүүнүн жаңы жолдорун үйрөнүштү. 

Ошондой эле, бул иш-чаранын алкагында катышуучу ишкерлер экспорттолуучу продукцияга максаттуу рыноктордун учурдагы талаптары, маалымат жана артыкчылыктуу режимдери, товарларды декларациялоо жана сертификациялоо, ошондой эле эл аралык платформалар аркылуу бизнести өнүктүрүү (мисалы, “Amazon” жана “Wildberry”) жана башкалар  тууралуу үйрөнө алышты. 

Муну менен “Экспорт кербени” экспорттун жеңилдиктери жана жол-жоболору тууралуу өндүрүүчүлөргө маалымат берүүдөн, ошондой эле ишкерлердин тышкы рынокко чыгууга болгон муктаждыктарын аныктоодон баштап бизнести пландаштырууга жана электрондук коммерцияга көмөктөшүүгө чейинки көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берди. 

“Экспорт кербенинин” негизги милдеттерин ишке ашыруу менен бирге, улуттук деңгээлде натыйжалуу чараларды көрүү максатында Экономика жана коммерция министрлиги жана БУУнун Өнүктүрүү программасы жаңы экспорт кылуучулардан алар кабылган көйгөйлөр жана муктаждыктары боюнча маалыматтарды чогулткан.

Тэги: караван экспорта бизнес Минэкономики КР ПРООН

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу