Кече, 25-ноябрда Экономика жана соода министрлигинде Кыргызстандын сапаты боюнча сыйлыктарды тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу ведомствонун сайтында маалымдалды.
Жеңүүчүлөр төрт номинация боюнча тандалды:
- Эт жана эт продуктыларын чыгаруу боюнча ишканалар;
- Өндүрүшкө жаңы инновациялык технологияларды киргизген илимий мекемелер;
- Үрөн чарбалары;
- Асыл тукум мал остуруучу чарбалар.
Сынактын жыйынтыгы боюнча КР сыйлыктарын ыйгаруу кеңеши лауреаттарды атады, алар:
- "Адал Азык" ЖЧК эт жана эт азыктарын өндүрүү ишканасы,
- "Тойбосс" ТМ (Чүй району);
- "Эл Дан Аталык" ЖЧК үрөн чарбасы (Чүй району);
- Асыл тукум мал чарбасы - "Тимьян" дыйкан чарбасы (Чүй району);
- Жаңы инновациялык технологияларды өндүрүшкө киргизүү үчүн – Республикалык "Табигий-Таш" илимий борбору (Ош шаары).
Сыйлыктарды алуу үчүн сынак 2020-жылы Кыргызстандын сапаты боюнча сыйлыктарды тапшыруу боюнча кеңеш тарабынан жарыяланганын кошумчалайбыз.
Тэги: премия качества Кыргызстан Минэкономики