Экономика министрлиги ишкерлер үчүн бизнес-пландын үлгүсүн иштеп чыкты

25.11.2022, 10:05 Акчабар
Экономика министрлиги ишкерлер үчүн бизнес-пландын үлгүсүн иштеп чыкты

Экономика жана коммерция министрлиги бизнес өкүлдөрү үчүн ишканаларды түзүү боюнча бизнес-пландын үлгүлөрүн иштеп чыкты. Бул тууралуу министрликтин сайтына жарыяланды.

Бизнес-план үлгүлөрү жана финансылык моделдер долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесинин мисалы болуп саналат. Ал ишкерге өзүнүн долбоорун же бизнес-идеясын иштеп чыгууга жардам берүү жана инвестиция тартуу үчүн керек. 

“Бизнес пландын үлгүлөрү Орусиянын каржылык колдоосу менен “КМШ аймагында туруктуу өнүгүүнү каржылоо үчүн потенциалды жогорулатуу” долбоорунун алкагында  Экономика жана коммерция министрлиги, ПРООН, Евразия өнүктүрүү банкы жана Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду менен тыгыз кызматташтыкта иштелип чыкты”, - деп белгиледи Экономика министрлиги.

Үлгүлөрдө (шаблондор) долбоорду, уюштуруучулук, өндүрүштүк жана каржылык планды сүрөттөгөн толук маалыматтар бар. Ошондой эле, ал сатуу планын, маркетинг стратегиясын жана долбоордун тобокелдигин талдоону камтыйт. 

 

Тэги: новости Кыргызстана Ведение бизнеса бизнес

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу