Экономика министрлигинин болжолдоолору боюнча 2022-жылы бюджетке Кумтөрдөн дүң кирешеге салык түрүндө 11 миллиард 906 миллион сом түшөт. Бул тууралуу келерки жылдын республикалык бюджети тууралуу мыйзам долбоорунда айтылды.
Кумтөрдүн дүң кирешесине салыктык түшүүлөрдү эсептөө 2022-2024-жылдарга өндүрүштүн болжолдонгон көлөмүнүн негизинде кен боюнча келишимде аныкталган дүң кирешенин 13% өлчөмүндө жүргүзүлгөнү такталган.
Ал эми берилген маалыматтар боюнча сумма өсөт.
"2023-2024-жылдары "Кумтөрдүн" дүң кирешесине салыктын көлөмү тиешелүүлүгүнө жараша 12 миллиард 718,1 миллион сомду жана 13 миллиард 326,4 миллион сомду түзөрү болжолдонууда", — деп айтылат документте.
Ошондой эле, жогорудагы макулдашууга ылайык, 2022-2024-жылдарга бюджеттин киреше бөлүгүндө Кумтөр кенинин дүң кирешесинен 4% өлчөмүндө Кыргыз Республикасынын минералдык-сырьелук базасын өнүктүрүү үчүн жылдык сумма каралган.
"Бул жылдык сумманын түшүүсү 2022-2024-жылдарга тиешелүүлүгүнө жараша 3 млрд 663,3 млн сом, 3 млрд 913,3 млн сом жана 4 млрд 100,4 млн сом өлчөмүндө болжолдонууда. Бул салыктардан түшкөн кирешелер толугу менен республикалык бюджетке чегерилет", — деп түшүндүрдү министрлик.