Эртең, 12-ноябрда, мамлекеттик казына облигацияларын жайгаштыруу боюнча эң ири аукцион өткөрүлөт, деп билдирди Улуттук банк.
Мамлекеттик облигацияларды чыгаруунун пландаштырылган көлөмү 1 миллиард сомду түзөт.
Белгилей кетсек, жүгүртүү мөөнөтү 20 жыл болгон облигациялар аукционго биринчи жолу коюлат. Ага чейин Каржы министрлиги 1 жылдан 10 жылга чейинки мөөнөткө баалуу кагаздар аркылуу бюджетке акча тартып келген.
Болжолдуу түрдө 20 жылдык баалуу кагаздардын кирешелүүлүгү 10%ды түзөт.