5-февралда 7 жылдык мамлекеттик казыналык баалуу кагаздарды жайгаштыруу боюнча аукцион өтөт. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Эмиссиянын биргелешкен көлөмү 450 млн сомду түзөт. Баалуу кагаздар боюнча купондук чен 7% түзөт, төлөм жылына эки жолу жүргүзүлөт.
Белгилей кетсек, 7 жылдык мамлекеттик баалуу кагаздарга болгон талап көпчүлүк учурда, Финансы министрлигинин сунушунун деңгээлинде же андан көп болгонун белгилөө керек.
Кошумчалай кетсек, өткөн жылдын март, август жана октябрь айларында өткөн аукциондун жыйынтыгында 7 жылдык баалуу кагаздардын максималдуу кирешеси 12% жеткен.