Улуттук банк 10-ноябрда мамлекеттик 7 жылдык казына облигацияларын аукциондон тышкаркы жайгаштырууну өткөрөт. Бул тууралуу мекеменин сайтында маалымдалды.
Чыгаруунун пландалган көлөмү 200 миллион сомду түзөт. Бир облигациянын баасы 74,83 сом. Мамлекеттик баалуу кагаздардын кирешелүүлүгү 12,5% деңгээлинде белгиленди.
Кошумчалай кетсек, дал ушундай кирешелүүлүк 5-ноябрда болгон 7 жылдык мамлекеттик облигацияларды жайгаштыруудан кийин пайда болгон.