Дыйкандарга 2 млрд сом кредит берилди

09.04.2019, 10:25 Акчабар
Дыйкандарга 2 млрд сом кредит берилди

Фермерлерге «Айыл чарбаны каржылоо» долбоорунун алкагында  2 млрд сомдон ашуун суммага 4 441 жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу   Финансы министрлиги жарыялады. 

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Бюджеттик насыяларды башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматтары боюнча, 2019-жылдын 4-апрелине карата «Айыл чарбаны каржылоо – 7» долбоорун ишке ашыруунун алкагында 2 млрд 22,6 млн сомго 4 441 жеңилдетилген насыя берилди.

Анын ичинен өсүмдүк өстүрүүчүлүккө 401,7 млн сомго 936 жеңилдетилген насыя, мал чарбачылыкка – 1 млрд 304,5 млн сомго 3 439 жеңилдетилген насыя, кайра иштетүүгө жана кызмат көрсөтүүлөргө – 316,4 млн сомго 66 жеңилдетилген насыя берилди.

Долбоордун алкагында 2019-жылдын ичинде коммерциялык банктардын жана финансылык-кредиттик мекемелердин финансылык каражаттары өсүмдүк өстүрүүнү, мал чарбачылыкты жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүнү өнүктүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттерине жана жеке жактарына жеңилдетилген пайыздык чен (жылына 6, 8 жана 10 пайыз) менен берилет. 

Тэги: льготное кредитование сельское хозяйство экономика Минфин

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу