Кийинки жылга бюджет 21,3 млрд сом дефицит менен сунушталды

06.10.2022, 10:37 Акчабар
Кийинки жылга бюджет 21,3 млрд сом дефицит менен сунушталды

Каржы министрлиги 2023-жылга бюджеттин долбоорун жана 2024-2025-жылдарга пландаштыруу мезгилин иштеп чыкты. Документ коомдук талкуу үчүн мекеменин сайтында жарыяланды.

Алсак, 2023-жылга мамлекеттик инвестициялык гранттарды эске алуу менен мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү 352 млрд 323 млн сом суммасында же ИДПга карата 38% деңгээлинде болжолдонууда. 2022-жылдын бекитилген бюджетине салыштырмалуу мамлекеттик бюджеттин кирешелери номиналдык мааниде 47,1 млрд сомго көбөйөт.

Мамлекеттик инвестициялык гранттарды эске алуу менен 2023-жылы республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 322 млрд 766 млн сом же ИДПга карата 34,8% өлчөмүндө каралууда. Номиналдуу түрдө 2022-жылдын бекитилген бюджетине карата республикалык бюджеттин кирешелери 14,4%га, же 40 млрд 653,2 млн сомго көбөйөт.

Республикалык бюджеттин чыгашаларынын жалпы көлөмү финансылык активдерди эсепке алуу менен 382 миллиард 165,9 миллион сом деңгээлинде, анын ичинде бюджеттик каражаттардын эсебинен 314 миллиард 754,6 миллион сом өлчөмүндө белгиленүүдө, бул 57 миллиард 312,9 миллион сомго көп. 2022-жылдын бекитилген бюджетине караганда, атайын эсептердеги каражаттар 19 млрд 840 млн сомго же 2022-жылга салыштырмалуу 5 млрд 378,4 млн сомго, мамлекеттик инвестициялык фонддор 47 млрд 571,3 млн сомго же 2022-жылдын бекитилген бюджетинен 9 млрд 792,4 млн сомго көп.

2023-жылга республикалык бюджеттин тартыштыгы 21 млрд 263,2 млн сомду же ИДПга карата 2,3%ды түзөт. Бюджеттин тартыштыгын жабууга каражаттар толугу менен каралган.

Ошол эле учурда Финансы министрлиги 2024-2025-жылдары республиканын бюджети профицитте болорун пландоодо. 2023-жылы республикалык бюджеттин профицити 13 миллиард 404 миллион сомду, 2025-жылы 23 миллиард 515,8 миллион сомду түзөт деп күтүлүүдө. 

Тэги: Минфин новости Кыргызстана бюджет дефицит

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу