Каржы министрлиги жылына 16% менен 20 жылга бюджетке акча тартты

28.11.2021, 10:46 Акчабар
Каржы министрлиги жылына 16% менен 20 жылга бюджетке акча тартты

Ушул жылы 26-ноябрда Улуттук банк мамлекеттик 20 жылдык казына облигацияларын жайгаштырууну ишке ашырды. Бул тууралуу мекеменин сайтында маалымдалды.

Соодалардын жыйынтыгында баалуу кагаздар боюнча кирешелүүлүк 16% деңгээлинде түзүлдү, ал эми баалуу кагаздар боюнча купондук чен 10% деңгээлинде бааланды.

Так суммасы, 20 жылдык баалуу кагаздардын эсебинен бюджетке канча тартуу мүмкүн болгондугу айтыла элек, бирок Каржы министрлиги 1 миллиард 160 миллион сомдук эмиссияны пландап жатканы маалым болду.

Кошумчалай кетсек, 3 жылдык баалуу кагаздардын аукциону 26-ноябрда өтүшү керек болчу, бирок катышуучулардын саны жетишсиз болгондуктан, ал өткөн жок. 3 жылдык мамлекеттик облигациялардын эсебинен бюджетке 500 миллион сом тартуу пландаштырылган.

Тэги: внутренний долг бюджет деньги Минфин КР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу