1-кварталда өлкөнүн чарбакер субъекттери республикалык бюджетке 1 млрд 331,49 млн сом кайтарышты. Бул тууралуу өлкөнүн Финансы министрлиги билдирди.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Бюджеттик насыяларды башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматы боюнча, бюджеттик насыялар боюнча чарбакер субъекттерден
2019-жылдын 1-кварталында кайтарылган зайымдык каражаттардын суммасы 1 млрд 331,49 млн сомду түздү, анын ичинде негизги карыз – 849,21 млн сом, пайыздар жана айыптар – 482,28 млн сом.
Бюджеттик насыялар боюнча 2019-жылдын 1-кварталында кайтарылган зайымдыккаражаттардын суммасы 1 млрд 331,49 млн сом