Министр Айдарбеков тышкы карыздарды төлөөнү токтотуу туруу керектигин билдирди

19.06.2020, 09:50 Акчабар
Министр Айдарбеков тышкы карыздарды төлөөнү токтотуу туруу керектигин билдирди

2020-жылдын 18-июнунда тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков «Тилкелер менен жолдордун» эл аралык кызматташтыгы: COVID-19га каршы тилектештик күрөшү» аттуу «Бир тилке – бир жолдун» алкагында эл аралык кызматташуу боюнча жогорку деңгээлдеги видеоконференцияга катышты. Бул Форум кытай тарабынын демилгеси боюнча уюштурулган.

 

Форумга Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, тышкы иштер министри Ван И, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Башкы директору Тедрос Аданом Гебреисус, БУУнун Башкы катчысынын орун басары, ПРООНдун Администратору Ахим Штайнер, ошондой эле дүйнөнүн 28 өлкөсүнүн Вице-премьерлери жана тышкы иштер министрлери катышкан.


Өз сөзүндө министр Ч.Айдарбеков коронавирустук инфекциянын Кыргызстанда жайылышынын жана анын менен күрөшүүнүн тегерегиндеги кырдаал тууралуу маалымдады.

Дүйнөнүн начар өнүккөн өлкөлөрүнүн экономикасынын калыбына келишине жана алардын туруктуу өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү максатында алардын карыздарын тейлөө боюнча төлөмдөрдү токтотуу жөнүндөгү G20нын демилгесине ылайык мамлекеттик карыздарды тейлөө боюнча төлөмдөрдү токтотуу маселесинин маанилүүлүгүнө көңүл бурду. Ошондой эле сооданы өнүктүрүүнүн жана транспорттук ташууларды кайра жандандыруунун, тоскоолдуксуз импорт менен экспортту жүзөгө ашыруу үчүн транзиттик жүк ташуулар боюнча «жашыл коридорлордун» натыйжалуулугун жогорулатуунун маанилүүлүгү белгиленди. Пандемиянын оор мезгилинде башка өлкөлөрдө жүргөн жарандарды өз ара колдоо зарылдыгы баса белгиленди.

Видеоконференциянын жыйынтыгы боюнча Форумдун катышуучулары Биргелешкен билдирүү кабыл алышты.

Тэги: министр Айдарбеков Тышкы карыз

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу