Мегаком «Санарип мектеп» долбоорун каржылайт

10.02.2020, 14:33 Акчабар
Мегаком «Санарип мектеп» долбоорун каржылайт

2020 - жылы өлкө боюнча 10 мектепте электрондук текшерүү системасы пилоттук режимге киргизилет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров билдирди. 

КР Билим берүү жана илим министрлиги менен ЖАК  «Альфа Телеком» ортосунда «Санарип мектеп» долбоорун ишке ашыруу боюнча меморандумга кол коюлду. 

Долбоор төмөнкү беш багытты ишке ашырат: окуучулар мектепке киргенде чип аркылуу текшерилет, атайын билерик же окуучунун жүзүн аныктоочу жабдык коюлат жана күндөлүк менен электрондук журнал жана аралыктан окуу системасы киргизилет. 

Мегакомдун башкы директору Акылбек Жамангуловдун айтымында, компания аталган долбоордун артынан коммерциялык багытты көздөбөйт. 

«Долбоор Мегаком тараптан толук каржыланат», — деп билдирди Акылбек Жамангулов. 

Билим берүү жана илим министрлигинин берген маалыматына ылайык, электрондук тутум ата-эненин балдарга болгон көзөмөлүн күчөтөт. 

«Ата - энелер балдары тууралуу бардык жаңылыктарды көзөмөлдөй алышат»,— деп билдирди Нурлан Өмүров. 

 

 

Тэги: Минобразования MegaCom меморандум

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу