Айыл чарба министрлиги компьютердик жабдууларды сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтында жазылды.
Тендердин жалпы суммасы 8 миллион 413 миң сомду түзөт.
Техникалык тапшырмага ылайык, каражаттар төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:
- 6,3 миллион сом - компьютердик жабдуулар;
- 1,1 миллион сом - тармактык жабдуулар;
- 824 миң сом - көчүрүү жана басып чыгаруу жабдуулары;
- 66 миң сом - видео жабдуулар;
- 22 миң сом - лицензияланган программалык камсыздоо.
Тэги: экономика госзакупки МИнсельхоз КР тендер