Памирлик кыргыздарга үй курууга 10 млн сом бөлүндү

22.11.2022, 13:40 Акчабар
Памирлик кыргыздарга үй курууга 10 млн сом бөлүндү

Памирлик кыргыздарга үй куруунун биринчи этабын ишке ашыруу үчүн 10 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин сайтына жарыяланды. 

Ага ылайык, Чоң-Алай районунда Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова, миграция бөлүмүнүн башчысы Жыпара Мамбетова Жогорку Кеңештин депутаттары менен биргеликте 18 памирлик кыргыз менен жолугушту. 

Бул жолугушууда министрдин орун басары Министрлер кабинети кабыл алган программага ылайык, памирлик кыргыздар үчүн жалпысынан 95 турак жай куруу пландалып жатканын билдирди.

Эскерте кетсек, буга чейин 60 гектар жер тилкеси бөлүнүп берилген. Учурда келечекте курула турган айылдын башкы планы даяр. 

 

Тэги: новости Кыргызстана экономика бюджет Минтруда и соцразвития

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу