Тамак-аш өнөр жай ишканаларын эскертүүсүз текшерүү сунушталууда

09.11.2022, 13:00 Акчабар
Тамак-аш өнөр жай ишканаларын эскертүүсүз текшерүү сунушталууда

Саламаттыкты сактоо министрлиги тамак-аш даярдоочу жайларды эскертүүсүз текшерүүнү сунуштоодо. Бул тууралуу маалымат жыйынында министрликтин өкүлдөрү билдирди.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары, башкы мамлекеттик санитардык дарыгер Бүбүжан Камчыбекованын айтымында, Кыргызстанда 3,5 жылдан бери ишкердик субъекттерин текшерүүгө мораторий киргизилген. Камчыбекова Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментин ишканаларды текшерүүгө тыюу салынган мамлекеттик органдардын тизмесинен чыгаруу керек деп эсептейт.

Анын айтымында, дарыгерлер тамак-аш өнөр жай ишканалары ачылгандан кийин үч жылда текшербөөнү туура эмес деп эсептешет.

“Бул нормадан улам 10 жылдан бери текшерилбеген объектилер бар. Жөн гана кайра каттоодон өткөрүшөт, андан кийин дагы үч жыл текшере албайбыз”, - деди министрдин орун басары.

Анын айтымында, быйылкы жылы мекеме 1900 гана объектти текшерген. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында 1700 протокол түзүлдү.

“Бул жеке фирмалар тамак-аш даярдоо эрежелерин көп бузгандыгын айгинелейт”, - деп жыйынтыктады Камчыбекова.

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин директору Султан Абдыкадыров жок дегенде кооптуу жайлар – бала бакчалар менен мектептерди эскертүүсүз текшерүү керектигин белгиледи.

“Мыйзамга ылайык, ишкердик объектисин текшерүү үчүн 10 күн мурун текшерүү боло турганын билдирүү керек. Ал эми белгиленген күнү келбесек, кылмыш жоопкерчилигине тартыласыңар деп коркутуп жатышат”, - деди Султан Абдыкадыров.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу