Дүйнөнүн эң бай адамы бир күндө 7 млрд долларын жоготту

25.10.2019, 14:10 Акчабар
Дүйнөнүн эң бай адамы бир күндө 7 млрд долларын жоготту

Планетанын эң бай адамы, дүйнөдөгү ири электрондук Amazon соода рыногунун ээси - Жефф Безос бир күндүн ичинде жети миллиард долларын жоготту. Бул тууралуу Tengrinews.kg CNBCке таянып, жазып чыкты. 

24-октябрда Amazon үчүнчү кварталда тапкан кирешеси тууралуу маалыматын билдирген. Жыйынтыгы инвесторлордун нааразычылыгын жаратты. Себеби,  компаниянын баасы 6,6 пайызга азайууга дуушар болгон. Телеканалдын эсептеген маалыматына ылайык, Безоско Amazonдун 57,6 миллион акциясы тиешелүү болгондуктан, жоготуу 6,9 миллиард долларга барабар болгон. 

Эксперттердин айтымында, эгерде Amazon акциясы дагы төмөндөсө, Безос планетанын эң бай адамын Microsoftту жаратуучу Билл Гейтске өткөрүп берет. Бүгүнкү күндө, Безостун байлыгы – 111 миллиард доллар, ал эми Гейтстики – 107 миллиард долларды түзөт. 

Тэги: эң бай адам жоготту

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу