VIII-эл аралык кыргыз-россия конференциясында 53 документке кол коюлду. Эки тараптуу кызматташуу тууралуу келишимдер КР Экономика министрлигинде коюлду.
Бишкектеги VIII-эл аралык кыргыз-россия конференциянын жыйынтыгы боюнча 53 документ (макулдашуу, келишимдер, меморандумдар, жол карталары) $6 млрд 135 млн каражатка түзүлдү.
Алардын ичинде:
«Энегетика тармагында эки келишим ($2.5 млрд), кен казуу тармагында үч келишим ($1.73 млрд), өнөр жай тармагында беш келишим ($537.5 млн), 17 — соода сатыктагы логистикага байланыштуу болсо, айыл чарба менен агроөнөр жайында ($497.2 млн),транспорт тармагында ($100 млн), финансы кызматташуусунда ($100 млн) жана эки келишим маалыматтык-коммуникация технология тармагында ($50 млн) түзүлдү» —деп билдирди Экономика министрлигинин басма сөз кызматы.