Карта, акча, Apple Pay: орустар кайсыл төлөмгө артыкчылык беришет?

19.06.2019, 09:39 Акчабар
Карта, акча, Apple Pay: орустар кайсыл төлөмгө артыкчылык беришет?

Карта, акча, Apple Pay: орустар кайсыл төлөмгө артыкчылык беришет?  SAS компаниясы менен ПЛАС калк арасында кайсыл төлөм системасы  көп колдонот деп изилдөө  жасашкан. 

 SAS  Россиядагы бизнеске талдоо жасаган ири компания. ПЛАС  журналы менен биргеликте сурамжылоо жасап, анда аралыктан туруп төлөөнүүчү сервистер – Apple Pay, Samsung Pay, Google Pay жана башка кызматтардан кайсынысы элге жагымдуу деп изилдеп чыгышкан. 

Изилдөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй келечекте  аралыктан төлөм жасоого артыкчылык берилет. Болгону  8% респонденттер кадыресе пластик карталарын колдонушат. Сурамжылоого катышкан калгандары аралыктан туруп (уюлдук телефон, классикалык карта жана башка комбинациялар аркылуу)  төлөм жасоого артыкчылык беришери белгилүү болду. 

(таблицалар орус тилинде берилет) 

What means of payment do you use most often to make payments?

Пластик карталар азырынча өз позициясына калууда. Бирок, суралган калктын 42% негизги төлөмдө аралыктан туруп жасайт турганын айтышкан.  Аралыктан туруп төлөм жасоодо  Apple Pay алдынкы позицияда: ал аркылуу 21% соода жасашат. Ал эми Android Pay менен  Apple Pay  6% жана  4% респондент  жактырат. Кадимки картаны колдонгон 8% тышкары сурамжылоого катышкандар карта же нак комбинацияда (10%), карта  менен мобилдик сервисти (8%) колдонушат. 

Кызыктуу жагдай төлөм системасына тиркелген билериктер  активдүү төлөм инструменти катары эмес, кызыктуу гаджет сыяктуу колдонулат. Сарамжылоого катышкандардын  2% бул девайсты колдонорун, бирок ал алардын  негизги төлөмү эмес.

Main advantages of mobile contactless payment services

Контаксыз төлөм системаларын колдонууга артыкчылык берүүнүн башкы себеби  картаны алып жүрбөйсүң. Ошондуктан,  73% респондент смартфон аркылуу оңой төлөм жасоо  ыңгайлуу экенин айты. Экинчиден анча чоң эмес төлөмдөр үчүн пин-кодсуз төлөм  жасоо дагы аралыктан туруп төлөнүн абройун көтөрдү. 59%  пин-кодсуз жөнөкөй төлөмдү жактырышат. Ал эми  43% контаксыз технологияга артыкчылык берсе,  20%  төлөм жасоодо берилген бонустар үчүн жактырышат. 

What difficulties have you encountered when using mobile contactless payments?

Контаксыз мобилдик төлөм формасын жактыргандар көп болгонуна карабай тоскоолдуктарга туш болгондор  да бар.  51% респондент колонуудан кооптонот. Ал эми  23% мындай инструмент менен башкалардын тааныш эместиги, сатуучу төлөм жасай албагандыгы кыйынчылык жараткан. 28% адамдар эсептен жаңылып, убаракерчилик тарса, айрымдар Apple Pay колунун тагы менен ача албай,  телефон өчүп калгандыктан соода жасай алышпаганы кыжалат кылган. 

How do you rate the security of modern payment instrument forms?

 

Пластик карталарды сүрүп,  келечек контаксыз төлөм системасына өтөөрүнө 97% респондент ишенет. Пластик карталар акырындык менен колдонуудан чыгат деп  40% эсептесе,  57% эки төлөм системасы тең жүрө берет деген пикирди айтышкан. 

Бирок, аралыктан төлөө системасынын коопсуздугу ойлондурат. Контаксыз төлөмдү колдонгон 34%  адам жетиштүү коопсуз деп ойлосо, 44% ишенимдүү  корголгон деген пикирде. Бирок, 18%  респондетти аралыктан туруп төлөм жасоодо чоочулаткан жагдайлары бар. How often do you use mobile contactless payments?

Сурамжылоо көрсөткөндөй Россияда келечекте контаксыз төлөм активдүүу колдонулуп, айрым учурда шылуундардын капканына түшушү ыкттымал. Андыктан, коргоо чараларын күчөтүү зарыл. Келечекте Россияда жаңы технологияларга артыкчылык бергендер көбөйөт. 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу